SerepTV Logo

Кой-Таш окуясы. Равшан Жээнбеков Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды

Кой-Таш окуясы. Равшан Жээнбеков Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды
Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. «Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында СИЗО-1ге камалды. Ал 5-октябрга чейин камакта болот», - деди ал. Эске салсак, буга чейин адвокаты "299 күндүн ичинде бир жолу Равшан Жээнбеков саат 22:00дөн кийин Эркиндик бульварына сейилдөө үчүн үйдөн чыгып кеткен. Бул жайдын ысык кечи болчу, аздыр-көптүр салкын бульвар анын үйүнүн жанында жайгашкан. Эми алар бул үчүн СИЗОго камалганы жатат",- деп жазып чыккан эле. https://youtu.be/_-4i3gJnwLI