SerepTV Logo

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 20-сентябрга жылдырылды

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 20-сентябрга жылдырылды
Бүгүн, 13-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок соттук отурум 20-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, судья Азирет Медеров ооруп калган. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болгонун анын адвокаты Сергей Слесарев билдирген.