SerepTV Logo

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумга Фарид Ниязов алынып келди

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурумга Фарид Ниязов алынып келди
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-таш окуялары боюнча соттук отурум өтүп жатат. Журналисттерге жараянга катышууга уруксат берилген менен сүрөткө, же видеого тартууга тыюу салынды. Бүгүнкү отурумга президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов алынып келди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев ден соолугунун абалы боюнча жараянга катышпай турганы белгилүү болду. Ал соттук отурумду өзү жок эле өткөрүүгө макулдук берип, кат жөнөткөн. Судья Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку президент Атамбаевдин ден соолугу боюнча билдирүүсүн окуп берди. Анда республикалык деңгээлдеги дарыгерлерден турган комиссия түзүлүп, 9-мартта алар Алмазбек Атамбаев кармалып турган №47 абакка барышканы, бирок бейтап медициналык кароодон  өтүүдөн баш тартканы жазылган. Сот имаратынын алдында соттолуучулардын тарапташтары чогулду.
Unknown Author