Кочкордогу карыянын бир тууган карындашы: “Агам коркуп калыптыр, ал түнү менен уктай албай чыкты”
Кечээ, 30-майда Кочкор районунда карыяны автоунаага салып алып коркутуп, аны шылдыңдаган балдардын видеосу интернет булактарында тарап, коомдо чоң талкууну жаратты. Коркуткан эки кишинин кармалганын милиция кызматынан маалымдашкан эле.
Буга байланыштуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги карыянын бир тууган карындашы Айнура Мамытовага байланышып, ал окуянын чоо-жайы боюнча айтып берди.
"Видеодогу карыя менин 1954-жылы туулган Абдыжапар деген бир тууган агам болот. Бир туугандардын эң улуусу. Кичине кезинен бери экинчи топтогу майып, үй-бүлөсү жок. Анын эч кимге зыяны жок. Кочкордун Жаңы-Жол айылында турабыз, агамды мен карайм. Райондо аны баары тааныйт, жолдо өткөн таксисттер салып алып жүрө берет, өзү да ал ары-бери көп басат.
Окуя качан болгонун билбейбиз. Бул видеону тарткандар тамаша кылышкан деп айтып жатышат. Адамды дагы ушунча тамашалайбы? Көрүп алып кан басымым көтөрүлдү. Ал балдар кармалыптыр. Милициядан телефон чалып, агаң аялдарга уят жерин көрсөткөндө алар балдарга "коркутуп кой" дегенинен улам ушул видео тартылган деп айтышты. Менин бир тууганымды баары билет, ал мындай иштерге дегеле барбайт. Милициядан акыйкаттыкты жана ишти туура териштирип берүүнү суранам. Аябай коркуп калыптыр түнү менен уктай албай чочуп, кусуп кыйналды. Эртең менен ооруканага алып барсак, Бишкекке барып көрсөткүлө деп коюшту", - дейт карындашы.
Ошондой эле ал агасын коркуткан балдардын биринин апасы үйүнө келип кечирим сурап, арыздан баш тартууну суранганын кошумчалады. Балдар карыядан кечирим сурап экинчи видео да тартышкан, ал боюнча да карындашы: “Агам экинчи топтогу майып болгон үчүн ким эмне десе макул боло берет. Балдар Кочкордогу вокзал жакка алып барып видео тартып “кечирдим” деп айттырыптыр”, - деди.