Кочкордогу жол кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алды
Кечээ, 14-февраль күнү саат 07:00 чамасында Кочкор районунун Сары-Чат аймагындагы жол кырсыктан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында болгон. Аталган тилкеде Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Унаадагы 7 адам ар кандай жеңил жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген.