Кочкордо мал уурдап жүргөн 2 жаран кармалды
Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында мал уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бугун, 9-февралда Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кылмышка шектелип 1988-жылы туулган Ш.Б. менен 1988-жылы туулган Д.М. кармалган.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 200-беренесине ылайык (уурулук) кылмыш иши козголду.
Кармалган кылмышка шектүү адамдар тарабынан жалпы 17 факт мал уурулук иштеринин бети ачылып, алардын 24 мал уурдаганы аныкталды. Учурда тергөө амалдары уланып жатат.