Кочкордо жоголуп Бишкекте табылган Айтурган Садыкова иштеп апасына унаа алып бергиси келген
Кочкор районунда дайынсыз жоголуп Бишкектен табылган Айтурган Садыкова апасына машина алып берүү үчүн иштегиси келген. Бул тууралуу кыздын атасы журналисттерге айтып берген.
Буга чейин 6-июнь күнү 11 жашар кыз чоң атасына барам деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Кечинде ата-энесы кабатыр болуп издей баштап, кийин кыз Бишкекке кетчү таксилердин бири менен борборго келгени белгилүү болгон. Биринчи Май РИИБдин милиция кызматкерлери 8-июнда Батыш автобекетинин жанынан мектеп окуучусун табышкан.
«Арсы айылынан кызым Кара-Тоо айылына жөө басып, андан ары район борборуна жетип, Бишкек шаарына такси менен кетиптир. Биз кээде ага акча берчүбүз. Ал аларды топтоп жол акысын төлөптүр. Айдоочу кызымдан жалгыз келгени боюнча сураганда, кызым бирөө тосуп аларын айтыптыр. Аны видеобайкоо камераларынан көрүп, эки күндөн кийин таптык. Эл оозунда элек жок деген туура экен. Ар кандай ушактарды айтып башташты. Кызы үйдөн качыптыр, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болуптур деген сыяктуу. Менин кызым акылдуу жана мектепте да жакшы окуйт. Ал андай жаман жоруктарды жасабайт. Кызым жубайлардын үйүнөн табылды. Эмне үчүн бул кадамга барганын сураганыбызда ал “мен иштеп, апама унаа сатып бергим келди” дейт. Азыр баары жакшы, милиция кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем”, - дейт жоголуп табылган кыздын атасы.