SerepTV Logo

Кочкор-Атада оорукананын аймагына мыйзамсыз салынган имараттар мамлекетке кайтарылууда

Кочкор-Атада оорукананын аймагына мыйзамсыз салынган имараттар мамлекетке кайтарылууда
Кочкор-Атада оорукананын аймагынан 4 административдик имарат, төрөткананын бир бөлүгү, 0,28 гектар жер мыйзамсыз менчиктештирилгени белгилүү болду. Ал жерге 5 дарыкана, 2 жеке клиника жана 2 турак үй салып алышкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Учурда УКМК жана прокуратура биргеликте аталган объектилерди шаардык оорукананын эсебине кайтарып жатат. "1993-жылдан 2009-жылга чейин ММБФнын түштүк аймактык башкармалыгы, ошондой эле Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймактык оорукананын балансында турган объекттерди жана жер участокторун мыйзамсыз ээликтен чыгаруу системалуу негизде жүзөгө ашырылган", - деп жазылат билдирүүдө. [gallery columns="1" link="file" size="full" jnewsslider="true" ids="266349,266355,266352,266351,266354"]