Кинорежиссер Геннадий Базаров реанимацияда жатат. Абалы оор
Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров ооруканага жаткырылды. Учурда ал президенттин жана өкмөттүн аппаратына тиешелүү ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олюксюк билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Базаров оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Кыргыз эл артисти Геннадий Базаров – белгилүү кинорежиссер жана сценарист. Ал 1942-жылы 14-майда төрөлгөн.