"Кимде-ким 50 пайызын төлөсө, кезексиз берилет". Президент ипотекалык турак жайдагы тизмелер боюнча жооп берди
"Ипотекалык үйлөрдү алуунун түрлөрү бар. Кимде-ким 50 пайызын төлөсө кезексиз алат. Калганын 15 жылга бөлүп төлөйт. Анын берки бюджеттен бөлүнгөн каражатка салынып жаткан үйлөргө тиешеси жок", - деди президент Садыр Жапаров МИКтеги тизмелердеги түшүнбөстүктөр тууралуу жооп берип жатып.
Өлкө башчысы ипотекалык турак жайлар айылдарга чейин жетээрин айтты.
"Азыр облустук борборлор менен кичи шаарларга өтүп жатабыз. Бара-бара айылдарга чейин жетебиз. Эски үйлөрүбүздү бузуп, жаңы салып бергиле деп буйрутма берсеңер жаңысын салып бергенге жетебиз", - деди Садыр Жапаров.
Мындан сырткары Жапаров дүйшөмбү күнү 47-абактын ордуна курулуп жаткан үйлөрдөн миңге чукул батир тапшырыларын кошумчалады.