SerepTV Logo

"Кемпир-Абадды сатып жиберди" дегендер болгон". Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалымат берди

"Кемпир-Абадды сатып жиберди" дегендер болгон". Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалымат берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту. Ал жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалымат берди. "Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча толук айтып берейин. "Кемпир-Абадды берип жиберди, сатып жиберди" деп калп сөздөрдү чыгарышты. "Кемпир-Абадды берип, акча алышты" дешти. Бети жоктук сөздөрдү айтышты. Кемпир-Абадды бетине жаап, туура эмес иштерди кылабыз деген 24 адам камалган. Алардын ондон ашыгы Кемпир-Абадды көргөн эмес. Аларга карабастан бул жерди бүтүрдүк",- деди ал.