SerepTV Logo

Кеминде Red Petroleum май куюучу жайы өрттөндү

Кеминде Red Petroleum май куюучу жайы өрттөндү
Чүйдө Red Petroleum май куюучу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Кемин шаары Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97 чакырымындагы жолдун жээгинде Red Petroleum май куйуучу жайында турган жүк ташуучу Мерседес -Бенц унаасынан өрт чыгып, толук күйүп, андан тышкары өрт 1 даана май куйуучу колонкасына өтүп жана оператордук бөлмөсү, ичинде жайгашкан дүкөнү жалпы аянты 80 чарчы метр жана темир калай менен жабылган бастырмасы күйүп кеткен. Өрттүн болжол менен жалпы аянты 220 чарчы метрди түзөт. Өрт саат 23:40та чектөөгө алынып, 04:36да толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.