SerepTV Logo

Кеминде 3,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кеминде 3,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Кеминде 3,5 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2014-жылдын 9-декабрындагы чечими менен жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу аркылуу Кемин районунун Орловка шаардык мэриясынын аймагындагы 3,5 гектар жайыт жер тилкеси жарандардын бирине жеке менчик укугу катары бекитилген. Кийинчерээк 2019-жылдын 31-июль күнү райондук прокуратура Кемин райондук сотунун жогорудагы чечимине каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык сунуш менен кайрылган. Анда Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 30-сентябрындагы аныктамасы менен райондук прокуратуранын апелляциялык сунушу канааттандырылып, Кемин райондук сотунун 2014-жылдын 9-декабрындагы чечими жокко чыгарылган. Мындан улам, Жогорку Соттун 2020-жылдын 11-февралындагы токтому менен жерге ээлик кылган жарандын өкүлүнүн Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 30-сентябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылып, 2021-жылдын 18-мартында Кемин райондук прокуратурасы тарабынан Орловка шаарынын мэрине мыйзам бузууларды четтетүү жана көрсөтүлгөн жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө талап берилген. Ага ылайык, 23-мартта Кемин районунун Орловка шаарынын мэриясы прокуратуранын талабын аткарып, жогорудагы көрсөтүлгөн жер тилкени баланска кабыл алды.
Unknown Author