Кол менен эсептелген протоколдордун 20 пайызы гана саналып бүттү. Саат 10:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы
Саат 10:00гө карата бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын ала маалымат. БШКнын сайтында кол менен эсептөө жыйынтыгы жарыяланууда. Анда протоколдордун 20 пайызга чукулу эсептелгени көрсөтүлдү. Ага ылайык, «Бүтүн Кыргызстан» 5 пайыздык чекке жетпей, бирок «Эл үмүтү» 5 пайыздык чектен ашып турат.
«Ынтымак» — 13,30%
«Ата-Журт Кыргызстан» — 12,87%
«Ишеним» — 11,22%
«Ыйман Нуру» — 7,32%
«Эл үмүтү» — 6,98%
«Альянс» — 6,20%
«Азаттык» — 4,14%
«Бүтүн Кыргызстан» — 4%
«Ата-Мекен» — 2,77%
«Социал-Демократтар» — 2,44%
Баарына каршы — 2,15%
«Мекенчил эл» — 1,97%
«Улуттар биримдиги» — 1,48%
«Багыт» — 1,44%
«Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы» — 1,70%
«Улуу журт» — 0,72%
«Күчтүү регион» — 0,58%
«Ордо» — 0,50%
«Аруузат эл куту» — 0,48%
"Кыргызстан жашылдар партиясы» — 0,48%
«Жашасын Кыргызстан» — 0,46%
«Легалайз» — 0,37%