Казакстанга жөнөтүлгөн кыргыз аскерлеринин фото-видеосу жарыяланды
Кыргызстандан жөнөтүлгөн кыргыз аскерлери Алматы шаарындагы 2-ТЭЦти кайтарууну улантып жатышат. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинен маалымдашты.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="93476,93474,93471,93472,93473,93475,93477,93478"]
"Биз Кыргызстандан келген тынчтык орнотуучу күчтөрүнөнбүз. Биздин максат - ЖККУнун макулдашуусунун алкагында Казак элине жардам берүү жана 2-ТЭЦти коргоо", - дейт аскерлердин бири.
Казакстанга Кыргызстандан 7-январь күнү атайын даярдыктагы «Скорпион» бөлүгү жөнөтүлгөн. Ал күчтөр 150 аскер кызматкеринен жана 8 брондолгон техникадан турат.