SerepTV Logo

Казакстандык чиновник Бейшеналиевдин "Кыргызстанга "QazVac" вакцинасы жеткирилет" деген билдирүүсүн четке какты

Казакстандык чиновник Бейшеналиевдин "Кыргызстанга "QazVac" вакцинасы жеткирилет" деген билдирүүсүн четке какты

Казакстандын вице-премьер-министри Ералы Тугжанов казак вакцинасы август айынын аягынан баштап гана ири көлөмдө чыгарыла тургандыгын, андыктан жакынкы аралыкта аны башка өлкөлөргө жеткирүү маселеси каралбаганын билдирди. Бул тууралуу Казакстандын Turantimes.kz басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Тугжанов маалымат жыйында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген Казакстандын жакынкы мезгилде гуманитардык жардам катары "QazVac" вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү пландары жөнүндө суроого жооп берген. Вице-премьердин айтымында, учурда "QazVac'тын" бир айлык өндүрүшү 100 миң дозаны түзөт. "Ушул айда 25-июнда бизде дагы 100 миң доза өндүрүлөт. Июль айында биз дагы 100 миң дозаны пландаштырдык. Августтун аягынан баштап, тактап айтканда 30-августта жана 1-сентябрда бизде ай сайын көлөмү 600 миң дозада өндүрө баштайбыз. Бул маселе биздин көзөмөлүбүздө", - деди ал.

Тугжанов өлкөдө казакстандык вакцинанын тартыштыгы жок экендигин баса белгилеген. "Ооба, бүгүн бизден жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча суранган өлкөлөр бар. Бирок биринчи кезекте биз өзүбүздүн жарандарды камсыздашыбыз керек. Ошондуктан, ушул тапта июнь, июль, ал түгүл август айларында башка өлкөлөргө жеткирүү маселеси каралган эмес. Ооба, Кыргызстандан кайрылуу болуп жатат, кечээ биз дагы көрдүк. 600 миң доза чыкканда... Сентябрь айында бизде 1 миллион "QazVac" болот, ошондо биз бул маселени кошумча карай алабыз", - деди ал.

Кечээ, 23-июнда Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы «QazVac» вакцинасын бөлүп бергени маалымдалган болчу. Ал түгүл вакцина Кыргызстанга 25-июнда келери айтылган.