SerepTV Logo

Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган үчүнчү кыргызстандык ооруканадан чыкты

Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган үчүнчү кыргызстандык ооруканадан чыкты
Актаудагы учак кырсыгынын үчүнчү жабырлануучусу бүгүн Улуттук госпиталдан канааттандырарлык абалда чыгарылды. Бул тууралуу журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.  25-декабрда Актау аэропортуна жакын жерде Баку-Грозный багыты боюнча учкан Азербайжан аба жолдорунун учагы кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын арасында үч Кыргыз жараны болгон.