SerepTV Logo

Кыргызстандан барганын айткан адамдын белгилүү джаз музыканты экени маалымдалды

Кыргызстандан барганын айткан адамдын белгилүү джаз музыканты экени маалымдалды
Кыргызстандан Казакстанга акча сунушташканы үчүн митингге баргам деген адам - бул Алматыга концерт коюп көп барган джаз музыканты Викрам Рузахунов. Бул тууралуу маалымат аны тааныгандар тарабынан соцтармакка жазылууда. Туугандарынын айтымында, аны видеододогу сөздү айттыруу үчүн кыйнашкан жана азыр кай жерде экендиги белгисиз, аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Учурда туугандары ЖМКларга жана Кыргызстандын компетенттүү органдарына жардам сурап кайрылышууда.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Vicram Rouzakhunov (@vicrammusic)