SerepTV Logo

Казакстан парламенти Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техникаларды берүүнү колдоду

Казакстан парламенти Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техникаларды берүүнү колдоду

Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техникаларды берет. Бул тууралуу “Казинформ” жазды. 

Казакстан Республикасынын Мажилисинин депутаттары тиешелүү мыйзам долбоорлорун жактырышты. Белгиленгендей, Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда 2021-жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган.

Казакстан Республикасынын Коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев белгилегендей, бул келишимди кабыл алуу Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту бекемдөө зарылчылыгы менен шартталган жана Кыргызстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Келишимге ылайык, казак тарап Кой-Таш айылына чейин аскерий техникаларды жеткирип берет.