Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 10 миң тонна ун жөнөтөт
Казакстан кыргызстандыктарга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берет. Бул тууралуу Казакстандын мамлекет башчысынын маалымат катчысы Берик Уали билдирди.
"Кыргызстан менен мурдатан келе жаткан достук, союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк бар. Президент Касым-Жомарт Токаев бир тууган кыргыз элине казак элинин атынан жардам көрсөтүүнү чечти. Кошуна өлкөгө 10 миң тонна ун жөнөтүлөт", - деп жазган ал Facebook тармагындагы баракчасына.
Маалымат катчы өкмөт учурда Токаевдин тапшырмасын аткарууга киришкендигин кошумчалады.