Казак бийлиги быйыл Кыргызстандан кандай жол менен көп суу алганын айтты
"Коңшулар менен активдүү сүйлөшүүнүн аркасында быйыл былтыркыга караганда сууну көбүрөөк алдык", - деп билдирди 21-декабрда Казакстандын экология министри Сериккали Брекешев.
«Коңшулар менен активдүү сүйлөшүүнүн аркасында быйыл былтыркыга караганда сууну көбүрөөк алдык. Жалпысынан дарыя бассейнинен кошумча 700 миллион метр куб сууну (2020-жылга караганда 106 миллион метр кубга көп) ала алдык. Баса, коңшуларыбыз өздөрү чектеп колдонушу керек болчу, бирок алар бизге керектүү сууну беришти. Натыйжада Түркстан, Кызыл-Ордо жана Жамбыл облустарынын дыйкандарын сугат суусу менен камсыз кылдык», - деди ал.