SerepTV Logo

Каза тапкан ТИМ кызматкеринин денесинен вакцинадан өткөн белгилер табылган жок

Каза тапкан ТИМ кызматкеринин денесинен вакцинадан өткөн белгилер табылган жок
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча расмий билдирүү таратты. Ага ылайык, маркумдун сөөгүн карап чыгуу учурунда ийин жагынан эмдөө учурунда сайылчу ийненин изи табылган эмес. "Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин табышкан жок. Акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болот», — деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле министрлик маркумдун аты эмделгендердин тизмесинен табылбаганын кошумчалады. "Планга ылайык, вакцинаны алгачкы этапта медиктер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алышы керек. Дипломатиялык түзүмдөрдүн кызматкерлери бул топко кирбейт», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.
Бүгүн 39 жаштагы Бахтияр Шакиров аттуу ТИМ кызматкери каза тапканы белгилүү болду. Медиаэксперт Елена Баялинова маркумдун туугандарынын сөзүнө таянып, ал коронавируска каршы кытайлык вакцина менен эмделгенин жазып чыккан. ЖМКлар бул жаран Жалдагы балдар ооруканасында антибиотик алгандан кийин каза тапкан жаран экенин маалымдашууда.
Unknown Author