Катар Кыргызстанга 9 кабаттуу оорукана куруп берет
Катар мамлекети Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 9 кабаттуу жаңы имарат куруп берет. Бул тууралуу аталган борбордун директору, академик Сабырбек Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, 15-мартта Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушуу орун алды.
"Жолугушуу учурунда элчи Катар өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун тогуз кабаттуу жаңы, заманбап технологиялар менен жабдылган имаратынын курулушуна 9 миллион 240 миң доллар бөлүнгөнүн билдирди. Бөлүнгөн каражат 100 пайыз грант түрүндө берилет. Насыя эмес, кайтарбайбыз. Элчи курула турган борбордун аянтын көрүп, курулуш иштеринин тез арада башталышына кызыкдар экенин белгиледи. Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин кошумчалады. Биздин өтүнүч менен тендер маселеси Катар элчилиги тарабынан өткөрүлүп, курулуш иши аяктаганга чейин Катар мамлекети көзөмөлгө алат. Ал эми жер, документтер жана башка кагаздар мэрия тарабынан чечилмей болду. Документтер канчалык эрте бүтсө, курулуш да эртерээк башталат", - деди Жумабеков