"Кармалгандар бетонго жатышат". Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын абалы талапка жооп бербейт
Акыйкатчынын орун басары жетектеген топ Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.
Текшерүүдө убактылуу кармоочу жайы стандарттарга жооп бербей турганы аныкталды. Жуунуучу душу жана даараткана жок. Ошондой эле камераларда кармалгандар керебеттин жоктугунан бетонго жатышат. Аптечкадагы дары-дармектердин мөөнөтү өткөн. Райондук прокуратура тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мониторинг учурунда 2 жаран жасаган кылмышы үчүн шектүү деп кармалып, кылмыш жасаган жерине тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алып кетишкен.