SerepTV Logo

"Каркыра - автожол" өткөрмө бекети 1-апрелден тартып иштей баштайт

"Каркыра - автожол" өткөрмө бекети 1-апрелден тартып иштей баштайт
2021-жылдын 1-апрелинен тартып казак тараптын демилгеси менен кыргыз-казак тилкесиндеги "Каркыра - автожол" өткөрүү пункту иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Көзөмөл-өткөрүү пункту күндүзү саат 08: 00дөн саат 18: 00гө чейин иштейт. Бул убакытта өткөрмө пункттан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана мал-жандык өтө алат. Казакстанга барууну каалагандар сапарга чыгардан мурун ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана карантиндик чараларды эске алып,  казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышышы керек болот. "Эскерте кетсек, "Каркыра-Автодорожный" өткөрүү пунктунда электрондук виза менен өтүүгө болбойт", - деп айтылат мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Unknown Author