SerepTV Logo

Каржы полициясы мамлекеттик казынага 112 миллион сомдон ашуун акча каражат которду

Каржы полициясы мамлекеттик казынага 112 миллион сомдон ашуун акча каражат которду
Каржы полициясы мамлекеттик казынага 112 миллион сомдон ашык каражат кайтарды. Бул тууралуу аталган полициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Финансы полициясы 2019-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча, “Скай Мобайл” ишканасынын салык төлөөдөн баш тартуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан салыктык текшерүүлөр дайындалган, ага ылайык, резидент эместердин кирешелерине салыкты “Скай Мобайл” ЖЧКсы тарабынан өзгөчө өлчөмдө төмөндөтүү фактысы (112 миллион сомдон ашык сумма) аныкталды. Каржы полициясы 2021-жылдын 11-февралында, тергөө иштеринен кийин "Скай Мобайл" ЖЧКсынын мамлекеттик бюджетине келтирилген 112 миллион 103 миң 243 сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурган. “Учурда Финансы полициясы өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чараларды улантууда”,- деп айтылат маалыматта.
edita