Финансы министрлиги Орусиянын вакцинасын сатып алууга 215 миллион сом бөлдү
Финансы министрлиги Орусиянын “Sputnik V” вакцинасын сатып алууга 215 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, вакцинанын баасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Орточо алганда, бир доза болжол менен 8-10 доллар турат. Бүгүн мен бул тууралуу Орусиянын саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшөм», - деди министр.
Ал Орусия убада кылган бекер 500 миң доза вакцинаны да эске салды. «Алар май-июнь айларынын аягына чейин жеткирилиши керек. Завод иштеп чыгарууга жетишпей жатат. Акы төлөнгөн вакцина тезирээк келмек. Бирок биздин калк аны улуттук программанын негизинде бекер алат (дарыгерлер, мугалимдер, чек арачылар, өнөкөт оорулар менен ооругандар, 65 жаштан жогору адамдар жана ыктыярчылар)”, - деп түшүндүрдү Алымкадыр Бейшеналиев.
“Ошондой эле демөөрчүлүк жардамды күтөбүз. Май-июнь айларында күтүлүп жаткан үчүнчү толкунга карата 1 миллионго жакын адам эмделиши керек”, - деди ал.
Учурда Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Кытайдан 150 миң доза “Синофарм” вакцинасы гуманитардык жардам катары берилген. 150 миң доза вакцина 75 миң адамды гана эмдөөгө жетет.