SerepTV Logo

Карантинде өспүрүмдөр сексуалдык зомбулукка кабылышкан

Карантинде өспүрүмдөр сексуалдык зомбулукка кабылышкан

Карантин учурунда өспүрүмдөр туугандары тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу тегерек столдо Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева айтып берди. Анын айтымында, өлкө карантинге даяр эмес болчу.

«Карантин учурунда кыздар эң көп кордукка кабылышкан. Айрымдары кош бойлуу болуп калышты. Аларга коңшулары же өгөй аталары эмес, өз аталары, бир туугандары жана чоң аталары кол салган. Акыркы күндөрү кыздар гана эмес, эркек балдар дагы сексуалдык зомбулукка кабыла баштады”, - деди Гүлшан Абдылдаева.

Ошондой эле, ал үй-бүлөдөгү гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

«Биз гендердик зомбулукка каршы сынак жарыяладык. Ага 120 миңден ашуун бала катышты. Стандарттарга жана окутуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Эгерде "Адам жана коом" предмети буга чейин 10-11-класстарда гана окутулуп келсе, эми 5-класстан баштап киргизип жатабыз. Балдар жаш кезинен эле өз укуктарын билиши керек. Биз тарбия иштерин жүргүзөбүз, балдар менен психологдор иштешет. Азыр миграция маселеси курч болуп тургандыгын бардыгы билишет. Балдар ата-энесинин кароосу жок калышты”, - деди ал.