Карамат Орозова: "Мектептин алдындагы чоң жолдон Ак үй, Көк үйдүн чиновниктеринин контрабандасы өтөт"
Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Баткен элинин үнүн бийликке жеткирди. Анын айтымында, Баткендин Чоң-Талаа айылына бардык стандартка баш ийген мектеп керек.
"Баткен районунун Чоң-Талаа мектебинин курулушу жөнүндө айтайын дегем. Бул айыл 1970-жылдары түзүлгөн. Ал жерге көчүрүп баруу үчүн үйлөр салынган. Ошол үйлөрдөн эле ыңгайлаштырып мектеп кылып коюшкан. Ошол мектеп авариялык абалда деп 2015-жылы чечим чыккан. Бул боюнча тургундар буга чейин маселелерди көтөрүп келишкен. Анда 2017-2018-жылкы курулуштун тизмесине кирди деп айтышкан. Мени өкүндүргөнү - бул мектеп өрттөнүп да кетти. Анткени дал ошол мектептин үстүнөн Тажикстанга чоң чыңалуудагы электр энергиясынын чубалгысы тартылган. Ал эми мектептин алдынан оор жүк ташуучу унаалар менен Ак үй, Көк үйдүн чиновниктеринин контрабандасы өтөт. Эмне үчүн бийлик Баткендин элин колдобойт? Ал жерде элдин саны да көбөйүп жатат. Ал жерге типтүү мектеп керек", - деди ал.