SerepTV Logo

Караколдон Токмокко кетмек болгон 15 жаштагы Равиль Машанло 1 жумадан бери дайынсыз болууда

Караколдон Токмокко кетмек болгон 15 жаштагы Равиль Машанло 1 жумадан бери дайынсыз болууда
Караколдо 15 жаштагы Равиль Машанло дайынсыз болууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, өспүрүм бала 1-июль күнү болжол менен саат 14:00дө Каракол шаарындагы эжесинин үйүнөн Токмоктогу үйүнө кетүү үчүн чыгып кеткен. Ошол боюнча дайынсыз болууда. Белгилери: бою 175 сантиметр, салмагы 60 килограмм, спорттук дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кара, кыска. Кийген кийими: ак түстөгү футболка, кара түстөгү шым, кара кепка кийип кеткен. Эгер кимде жигит тууралуу маалымат болсо, 0555 230 490 номурлары менен байланышсаңыздар болот.