SerepTV Logo

Караколдогу зоопаркта пневмония менен ооруган сүлөөсүн өлдү (сүрөт)

Караколдогу зоопаркта пневмония менен ооруган сүлөөсүн өлдү (сүрөт)

"Кот" аттуу эркек Түркстан сүлөөсүнү каза болду. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фонду Фейсбуктагы баракчасында жазды. 

Буга чейин аталган фонд жырткычта этиологиясы белгисиз эки тараптуу пневмония пайда болгон деп билдирген. Ал зоопарктан реабилитациялык борборго текшерүүгө жана дарыланууга жеткирилген. Коомдук фонд алты жыл мурун сүлөөсүн тоодогу өлүмдөн куткарылганын белгиледи.