Караколдо күндүн ысыгынан эс-учун жоготуп, кулаган жаранга милиция кызматкерлери жардам көрсөттү
Каракол шаарында эс-учун жоготкон адамга милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Каракол шаарында Түп районунун тургуну күн ысыгынан улам эсинен танып, кулап кеткендиктен башы менен урунган. Окуяга күбө болгон милиция кызматкерлери дарыгерлер келгенге чейин жаш жигитке жардам көрсөтө алышкан. "Окуя 1-июлда Каракол шаарынын сейил багында болгон. Фонтандын жанынан өтүп бара жатып, 31 жаштагы жаран өзүн начар сезип, эсинен танып кулаган. Окуя болгон жерде Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын инспекторлору, милициянын лейтенанттары кызмат өтөп жатышкан. Алар жигиттин эс-учун жоготуп, жыгылганын байкашкан. Башы менен катуу урунгандан улам, жигиттин мурдунан кан тынбай аккан. Анын жанына жакындаганда, жигит эсин жоготконун байкашкан", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="61230,61229,61231"]