SerepTV Logo

Караколдо жүргүнчү ташыган унааларга видеорегистраторлор орнотулууда

Караколдо жүргүнчү ташыган унааларга видеорегистраторлор орнотулууда
Каракол шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга видеорегистраторлор орнотулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Ага ылайык, жабдыктар жайкы туристтик мезгилде жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, коомдук транспорттордо кылмыштарды алдын алуу, ошондой эле айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында коюлуп жатат. Каракол ШИИБи боюнча ЖКККБнын улук тескөөчүсү, милициянын капитаны Мунарбек Асаналиевдин айтымында, облустун борборунда жүргүнчүлөрдү ташуу менен беш ишкананын 385 кичи автобусу жана 20 автобусу бар. Калаада күн сайын 55 кичи автобус каттайт. «Видеорегистраторлор - биздин жарандарыбыздын коопсуздугун сактоодогу эффективдүү чарасы. Аталган жабдууларды орнотуу менен уурулукка каршы күрөшүүгө, мүлктү бузган жүргүнчүлөрдү табууга жана айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салууга жардам берет. Мындан тышкары, айдоочулар жол эрежесин бузуудан этият болушат. Ошондой эле жол кырсыктарынын жана ар кандай башка кырдаалдардын күнөөлүү адамдарды аныктоого көмөктөшөт», - дейт Мунарбек Асаналиев. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="59114,59115,59116,59117,59118"]