SerepTV Logo

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды

Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кечээ, 2-январь күнү Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору катары расмий жарыяланып, маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэрине тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты. Мындай макам менен эми Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат. Эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында Маданият министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат.
2021-жылдын 18-декабрында Тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында “Душанбе – КМШнын маданий борбору – 2021” жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылга эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи өткөн.