Кара-Суу шаарында жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору иштей баштады
Кара-Суу шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбор Сарай, Ак-Таш, Савай, Жаңы-Арык, Кашкар-Кыштак, Жоош жана башка жакынкы конуштардын 400 миңден ашуун жашоочуларына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө көмөктөшүү максатында ачылган. "Борбор 26 кызматкерден турат. Алар күнүнө 500дөн ашуун жаранды тейлейт", - деп белгилешти МККдан.