Кара-Кулжада "Өзгөчө кырдаал режими" алынды
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагында таза суу берүү калыбына келтирилип, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу “Өзгөчө кырдаал режими” алынды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Мындай чечим Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысынын буйругунун негизинде кабыл алынды.
"Суук аба ырайынан улам суу тоңуп, түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 18-декабрдагы буйругунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына "Өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу", - деп жазылат маалыматта.