"Кара-Кулжадан Бишкекке". Жээнбековдун тарапташтары эртең борборду көздөй жолго чыгабы? (видео)
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Жогорку Кеңештин мурунку спикери жана соттун чечими менен коррупцияга шектелип камакка алынган экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбековду колдоо максатында тынч жүрүш өттү. Жүрүштүн сүрөт, видеолору соцтармактарга жүктөлдү.
Депутаттын жердештери анын бошотулушун талап кылышууда. "Талабыбыз аткарылбаса, анда эртеңден баштап бир эле Кара-Кулжа эмес, Өзгөн, Кара-Суу, Ош, Жалал-Абад, Бишкек болот маршрутубуз" дешет алар.
[video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/jeenbekov-miting-osh-yyyyy.mp4"][/video] Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМК тарабынан кармалган. Атайын орган анын "Кумтөргө" байланыштуу коррупцияга шектелип жатканын маалымдаган. Ошол эле күнү анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан кармалып, 31-июлга чейин камакка алынган.