Кара-Көлдүк аксакал Садыр Жапаровго арманын айтты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Кара-Көл шаарындагы "Кара-Көл" ГЭСинин ачылышына барып, жергиликтүү эл менен маектешти.
Анда Кара-Көлдүк аксакал: "Ажоң келсе арманыңды айт деген экен. Биз да сизге айтып калалы деди. Шаар 1962-жылы курулган, андагы салынган көп кабаттуу үйлөр эскирди. Турак жай маселеси абдан чоң. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн көрүп жатабыз. Бизге да ушундай үйлөр курулар бекен деп сыймыктанып күтөбүз", - деди.
Мамлекет башчысы 5 же 9 кабаттуу үйлөр 10 гектар жерге түшөрүн кабарлады. “Курулуш иштери келерки жылы жазында башталат. 1-2 жылда жаңы үйлөргө көчүп каласыңар”, — деди Жапаров.