SerepTV Logo

Кара-Кечеде калкка жана бюджеттик уюмдарга көмүр жүктөө башталды

Кара-Кечеде калкка жана бюджеттик уюмдарга көмүр жүктөө башталды
Кара-Кечеде калкка жана бюджеттик уюмдарга көмүр жүктөө башталды. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Ишкананын маалыматы боюнча, бүгүн, 2-октябрдан тартып, кыргызстандыктар көмүрдү кампалардан сатып ала алышат. Бүгүнкү күндө республикада 689 көмүр кампасы бар. Көмүрдүн тоннасына болгон баа ташууну эске албаганда 1330 сом экени көрсөтүлгөн.