SerepTV Logo

Кара-Кечеде жүздөн ашуун жүк ташуучу унаа көмүр үчүн кезекте турушат (видео)

Кара-Кечеде жүздөн ашуун жүк ташуучу унаа көмүр үчүн кезекте турушат (видео)

Кара-Кечеден көмүр ташыган айдоочулар шахтада узун кезекке нааразы болушуда. Алар жергиликтүү ЖМКга видео жөнөтүшкөн.

"Кара-Кечеде төрт күндөн бери турабыз. Бул жерде кезек. ЖЭБге дегендерге гана көмүр жүктөлүп, калганы күтүп жатышат. Төрт, беш, алты күндөн бери күтүп жаткандар бар», - дешет айдоочулар.

"Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынан кырдаал боюнча комментарий беришти. «Айдоочулар беш-алты күн кезекке турбайт. Алар бир күндөн үч күнгө чейин күтүшөт. Күнүнө 300-400 тонна көмүр ташып жатабыз. Азыр көмүр ЖЭБге, жергиликтүү тургундарга жөнөтүлөт. Кечээ президенттин тапшырмасы менен 100 тонна көмүр жөнөтүлдү», - дешти алар. 

https://youtu.be/Ub1zFDpqu1s