SerepTV Logo

"Кара жолтой июль унутулган жок". Экс-элчи Кылычбек Султан өкмөткө коңгуроо какты

"Кара жолтой июль унутулган жок". Экс-элчи Кылычбек Султан өкмөткө коңгуроо какты
"Кара жолтой июль унутулган жок". Кыргызстандын Малайзиядагы жана Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан өкмөткө коңгуроо какты. Ал бул тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады. "Миңдеген адамдар жашоо менен мезгилсиз кош айтышты, миңдеген үй-бүлөлөр жакын адамдарын жоготту. Бирок... Бирок өкмөттүн жооптуу адамдары жоопко тартылган жок... Азырынча жоопко тартылган жок! Бирок келечекте компетентсиздиги үчүн, шалаакылыгы үчүн сөзсүз жооп беришет. Миңдеген жарандарыбыздын өлүмү, миңдеген үй-бүлөлөрдүн азасы алардын күнөөсү", - деп жазылат билдирүүдө. Андан ары экс-элчи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, учурда Республикалык штабдын башчысы Жылдыз Бакашовага карата өлкөдө коронавирус апаатынан адамдардын өмүрүн сактоо иштери дале абдан начар жүрүп жатканын айтып кайрылган. "1. Уюштуруу иштери жокко эсе. Же өкмөттүн кабинетинен ары ишке ашырылбай сөз жүзүндө гана жүрүүдө. 2. Коомчулукта коопсуздук чараларын эч ким көзөмөлдөгөн жок. Же "жөн эле" көзөмөлдөмүш этүү болуп жатат. 3. Саламаттыкты сактоо мекемелелери эмдөө кампаниясын талапка ылайык жүргүзө албай жатышат. 4. Борборлоштурулган уюштуруу иштери мезгилдин талабына жооп бербейт. 5. Өлкөдө вакциналардын жетишсиздиги катастрофалык деңгээлде төмөн. 6. Болгон вакциналарды рационалдуу колдонууга, сактоого олуттуу мамиле кылынбай жатат.
Ар бир иш үчүн, ар бир жараныбыздын өмүрү үчүн жооп берүүчү күн сөзсүз келет. Ушул нерсени унутпайсыз деп терең ишенем", - деп жазылган Кылычбек Султандын билдирүүсүндө.
SuperTV