SerepTV Logo

Кара-Балтада 73 жаштагы кишинин сөөгү табылды

Кара-Балтада 73 жаштагы кишинин сөөгү табылды
Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын Новый-Западный кварталында жайгашкан батирдин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачык беришкен. "Батирдин ичинен 1949-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди. Бекилип калган эшикти ачууга Жайыл райондук №22 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган", - деп айтылат маалыматта.
Unknown Author