SerepTV Logo

Кант диабети менен жабыркагандар тесттерди 50 пайыздык арзандатуу менен ала алышат

Кант диабети менен жабыркагандар тесттерди 50 пайыздык арзандатуу менен ала алышат
Кант диабети менен жабыркаган бейтаптар кандагы глюкозанын басымын аныктоочу тесттерди 50 пайыздык арзандатуу менен ала алышат. Бул тууралуу Медициналык камсыздандыруу боюнча фонду кабарлады. Белгилүү болгондой, аталган диабет менен жабыркагандар жылына 500 тестти жарым баасына сатып алышат. Ошондой эле, камсыздандыруусу жок болсо инсулин, инсулиндин шприци, глибенкламид дарыларын акысыз ала алышат. Кант диабети менен жабыркап, үй-бүлөлүк медицина борборуна катталгандар дарыгерлердин акысыз кеп-кеңешинен, лабораториялык жана диагностикалык кароосунан өтө алат.
Unknown Author