Айгүл Жапарова скульптор Тамила Маматованын көргөзмөсүнө катышты
Биринчи айым Айгүл Жапарова кечээ, 17-декабрда Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде скульптор Тамила Маматованын “Жашоо ыргактары” аттуу көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.
Көргөзмөнүн автору Тамила Маматова - көрүнүктүү сүрөтчү жана скульптор, Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Көргөзмөдө көрсөтүлгөндөр:
- автордун 37 уникалдуу эмгеги;
- дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө коюлган 28 чыгарма.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="264550,264551,264552"]