Камчыбек Ташиевге Катардын курал-жарактары көрсөтүлдү (видео)
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Катар мамлекетиндеги жумушчу сапарынын алкагында, Катардын вице-премьери - Коргоо министри менен жолукту.
Катар бийлиги тарабынан Камчыбек Ташиевди расмий тосуп алуу аземи уюштурулду. Халед бин Мухаммад аль-Атия Камчыбек Ташиевге заманбап курал-жарактын үлгүлөрүн көрсөтүп, техникалык мүнөздөмөлөрү менен тааныштырды.
Кыргызстан менен Катар өлкөлөрү аскердик кызматташуу боюнча буга чейин макулдашкан.