Камчыбек Ташиевдин иниси спортчуларды сыйлады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев Барпы айылында спортчуларды сыйлады. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жазды.
"1-октябрь күнү Шаирбек Ташиев "Тай-Мурас" спорт комплексинин спортсмендерин сыйлоо аземин өткөрдү. Өткөн аптада комплекстин 5 спортчусу спорттун бокс, алыш, эрежесиз эр уруш турлөрүнөн дүйнөлүк жана республикалык деңгээлдеги мелдештерде жеңишке жетишип келишкен. Шаирбек Ташиев тарабынан спортчуларга, машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Сыйлоо аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев да катышты.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="76049,76042,76046,76044,76048,76045,76047,76043"]