SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарынын бир көчөсүнө Ташиевдин ысымы берилеби?

Жалал-Абад шаарынын бир көчөсүнө Ташиевдин ысымы берилеби?
Жалал-Абад шаардык мэриясы Камчыбек Ташиевдин агасынын атын борбордук көчөгө берүү сунушун колдогон жок. Бул тууралуу Сереп Медиа агенттигине мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаардык кеңештин бүгүнкү сессиясында күн тартибине төрт маселе коюлган. Алардын бири шаардын аты жок көчөлөрүнө ат берип, айрымдарынын атын өзгөртүү маселеси болгон. "Буга чейин туугандарынын жана шаар тургундарынын атынан Каныбек Ташиевдин атын шаардын борбордук Пушкин көчөсүнө ыйгаруу сунушу түшкөн.  Бул маселе каралардын алдында шаар мэри Эрнисбек Ормоков «документ боюнча көптөгөн маселелер жаралат» деген негизде көчөнүн мурдагы аталышын калтырууну сунуштап, депутаттар аны колдоду",- деп билдиришти мэриядан. Жалал-Абаддагы “Томас” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары белгилүү болгон Каныбек Ташиев коронавирус күчөп кеткен 2020-жылдын июль айында 57 жашында каза болгон.
Unknown Author