SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев неберелерине тушоо той жана бешик той өткөрдү (видео)

Камчыбек Ташиев неберелерине тушоо той жана бешик той өткөрдү (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки небересине тушоо той жана бешик той өткөрдү. Тойдун видеосун анын келини, Тай-Мурас Ташиевдин жубайы, актриса, модель Эркеайым Абдуллаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 12-июнда дагы бир ирет неберелүү болгон. Тактап айтканда, Таймурас Ташиев менен анын жубайы кыздуу болушкан. Түгөйлөр 2018-жылы үйлөнүшкөн. Алар 2020-жылы Альмир аттуу уулдуу болушкан.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Al’mir?Alisha? (@erkeaiyma95)