Камчыбек Ташиев: "Экс-депутат Канат Исаевдин баласы ФСБ Академиясынан чыгарылды"
Камчыбек Ташиев УКМКнын Чаткал районундагы имаратынын ачылышында экс-депутат Канат Исаев тууралуу айтты.
"Кылмышты кылып, азыр качып жүрөт. Сотко келбей качып, ага издөө жарыяланды. Эмне кылды? ФСБны быйыл бүтүп жаткан баласын окуудан чыгардык. Баласынын келечегине балта чапты", - деди төрага.