SerepTV Logo

Камчыбек Ташиев: "Кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу жер калган жок"

Камчыбек Ташиев: "Кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу жер калган жок"
Кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу жер калган жок. Баары бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди. "Негизинен кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайыз чечилди. Биз өтө оор маселелерди карап чечтик. Бүгүнкү күндө Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен суу сактагыч биз тарапта эле калды. Бирок ошол жердин үстүндө суу турат. Ал сууну 95 пайыз өзбек тарап колдонот. Орто-Токой суу сактагычынын аянты 800 гектардай жерди ээлейт. Анын 200 гектарга жакынын бизге ушуга чейин компенсация кылып берген. Азыркы күндө 600 гектарга жакын калган. Ошонун эсебинен дагы бир жолу айтып кетейин, биз тарапка мурда талаштуу болуп жүргөн жерлер протоколго кол койгондон кийин өзбек-кыргыз чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок. Баары бүттү”,- деди ал. Анын айтымында мурда Өзбекстанга өтүп кеткен Кара-Белес тилкесин Кыргызстан кайтарып алган. "Көк-Серек айылында 105 гектар, Баястан тилкеси 212 гектар, Ак-Таш тилкесинде 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Кара-Белес тилкесинен 25 гектар жер бизге жазылды. Бул тилкелер Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү", - деди.
edita